Кытайда коронавирус жуктургандар азайды
Новость www

POST1RIGHT

Соңку бир суткада Кытайда коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин азайды. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 12-мартта тараткан маалыматка караганда, COVID-19 вирусуна 15 адам кабылган. Алардын жарымы аталган вирустун очогу болгон Ухань шаарында катталды. 

Өлгөндөрдүн жана жугузуп алгандардын саны азайганы менен Кытай вирус эң көп жайылган мамлекет бойдон кала берүүдө. Жалпысынан аны жугузуп алгандардын саны 81 миңге чукулдаса, каза тапкандардын саны төрт миңден ашат.