Дарыканаларга ата мекендик беткаптар түшөт
Новость www

Өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Вице-премьер-министр Алтынай Өмурбекова көптөгөн өлкөлөргө тараган вируска байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткенин жарыялагандыгын эскертип, өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканын айтты. «Дүрбөлөң түшүүгө себеп жок. өлкөдө коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. 

POST1RIGHT

Өкмөт ачык иш алып барууда жана коронавирус боюнча жарандарды өз убагында маалымдап турат», – деди Өмүрбекова. Вице-премьер-министр кыргызстандыктарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого, Саламаттык сактоо министирлигинин жана Республикалык штабдын сунуштамаларын карманууга чакырды. 

Республикалык штаб бардык кыргызстандыктарды балдарды каникул учурунда соода-оюн-зоок жайларына, оюн аянтчаларына жана башка эл көп болуучу жайларга алып барбай, каникулду үйдөн өткөрүүгө чакырат. Мындан тышкары жакынкы күндөрү дарыкана түйүндөрүнө бир катар ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгара баштаган медициналык беткаптар түшө баштаары айтылды.