POST1RIGHT
Нарында коронавируска каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү адистер эл көп чогулган жайларда, мечит, медреселерди дезинфекциялоодо. Мындан тышкары борбордук базарда жана мектептерде да тазалоо иштери мерчемделген. Анда дезинфекциялоо жумуш убактысы аяктагандан кийин жүрөт.
Бул үчүн облустук штабдын жыйынында атайын иш графиги түзүлгөн. Муну менен катар, жер-жерлерде жарандарга вирустун алдын алуу аракеттери боюнча түшүндүрүү жана окутуу иштери башталган. Учурда облустун Кытай менен чектеш жериндеги "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайы жабык турат.