Коронавирус: Кыргызстанга сырттан келүүчүлөр үч категорияга бөлүндү
Новость www

Эпидемиологиялык абалга жараша бөлүштүрүлгөн өлкөлөрдүн арасынан биринчи топко коронавирус илдети аныкталып, жуктуруп алгандардын саны көбөйүп кеткен мамлекеттер кирет. Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испанияда акыркы бир ай ичинде болгон чет элдик жарандар Кыргызстанга киргизилбейт. Ал эми кыргызстандык жарандар түз карантинге түшөт. Буга ички, жалпы жарандык жана дипломаттык паспорт алып жүргөн бардык жарандар кирет. 

Илдет күч алган өлкөлөрдө болгонун жашырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Экинчи категорияга АКШ, Жапония, Швеция, Швейцария, Британия, Белгия жана Нидерланды мамлекеттеринен келгендер кирет. Булардын баары эки жума үй карантинине алынат. Карантин шарттарын бузуп, эл көп чогулган жерлерге барган жарандар мыйзамдуу жоопко тартылат.

POST1RIGHT

Үйүндө карантинде болууга мүмкүнчүлүгү жок чет элдик жарандар өлкөгө атайын мекеме аралык комиссиянын чечимине жараша киргизилет жана тийиштүү жерге 14 күндүк обсервацияга жаткырылат. Үчүнчү категорияга дээрлик оору аныкталбаган мамлекеттерден келгендер киргизилет. Алар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтөт жана эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат. Обсервациядан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрү саламаттыгына жараша бошотулат.