POST1RIGHT
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгынын астында коронавируска каршы күрөш жана илдеттин алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча өткөн жыйында 16-марттан тарта өлкөдөгү мектептерде бир жумалык эс алуу жарыялоо чечими кабыл алынды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калин маалымдады. Анын айтымында, окуучулар 23-марттан баштап бир жума бою үйлөрүндө аралыктан окутулат. Мындан тышкары, 16-марттан тартып университеттер да убактылуу жабылып, студентер 3 жума эс алышат.