Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагындагы талаа таштанды таштоочу жайга айланды. Бул жерге бүт айылдын таштандылары келип ташталат. Таштандылар учуп эле кайра айылды каптап жатат. Өлгөн мал-жандыктарды иттер тытмалап кетишет. Анан кантип оору жукпайт. Айыл өкмөт көз салып, тазалатып, жаап койсо жакшы болот эле,- деген айыл тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.