Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандар жок. Эпидемиологиялык абал туруктуу, - деп билдирди Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Учурда коронавирусту аныктоо боюнча Кыргызстанда алты лаборатория иштеп жатат. КАМ: Карантиндик иш-чараларды күчөтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине толуктоолор киргизилди.
Саламаттык сактоо министринин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар жок. Дем алуу органдарын сезгенткен жаңы вирус өлкө аймагында билинбей жүрүшү эч мүмкүн эмес. Аны жуктуруп алгандар болсо, дароо ачыкка чыкмак. Министрдин айтымында, коронавирусту аныктоого анализ тапшырган 1 миң 545 адамдын баары таза чыккан.
Учурда коронавирусту аныктоо боюнча Кыргызстанда алты лаборатория иштеп жатат. Алардын ар бири күнүнө 150 анализ жасоого чамасы жетет. Иштеп жаткан лабораториялардын жана андагы тесттердин баары дүйнөлүк стандартка жооп берет. Ошондой эле ооруканаларда обочолонгон бөлмөлөр даярдалган. Карантиндик иш-чараларды күчөтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине толуктоолор киргизилди.
Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басарынын маалыматына караганда, Сауд Арабиясына зыярат кылуу максаты менен кичи ажылыкка барып, ал жактан чыга албай калган Кыргызстандын 651 жараны өз мекенине келди.
Чек аралардагы көзөмөл бекеттеринде да коронавирустун алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. "Торугарт", "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринде байкоо жүргүзүүчү бөлмөлөр даярдалууда.