Ишембилик - жаздагы жаңыруунун белгиси
Новость КТРК

14-мартта Бишкек эркин экономикалык аймагынын 100дөн ашык кызматкерлери ишембиликке чыгып, Манас проспектисин бойлой 350 метрден ашык аймагын тазалашты. Ошондо мурдагы ВДНХ имаратынан тарта Ысык-Көл мейманканасына чейинки аралык таштандылардан арылды.

 Жалпысынан 100дөн ашык кызматкерлер катышып, 10дон ашык атайын техника иштеди. Бишкек эркин экономикалык аймагынын администрациясынын маалыматына караганда мындай жазгы тазалануу иштери бул күнү башка жерлердеги субъектилердин аймагында дагы жүрдү. Ошондой эле бул иш-чара акыркысы эмес, айлана-чөйрөнү жакшыртып кам көргөн мындай тазалануу жумуштары ордо калаабыздын айланасында апрель айына чейин улантылмакчы.