Коронавирус 140тан ашык өлкөдө катталды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, коронавирус 140тан ашык өлкөдө катталды. Акыркы бир күн ичинде дагы тогуз өлкөдө вируска чалдыккан учурлар катталганы айтылды. Алардын жетөө Африка континентинде, бирөө Европада, дагы бири Америка материгинде. 


Вирустан жалпы алты миңге жакын адам каза болуп, 168 миң адам ооруга чалдыккан. Ошондой эле, 70 миңден ашуун адам сакайып чыккан. Окумуштуулар Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны азайып баштаганын айтышууда. Кытайда ооруну жуктургандардын жалпы сана 80 миңден ашкан.