Жооптуу өнөктүк болгон жазгы талаа жумуштары уюшкандыкта өтөт. Бул тууралу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев маалымат жыйынында билдирди.
2020-жылдын жазгы айдап-себүү иштери үчүн керектелүүчү сапаттуу үрөн дотациялоо системасынын негизинде дыйкан-фермерлерге базар баасынан 30 пайыз арзан наркта сатылууда. Натыйжада бул жылы түшүмдүүлүк 10-15 пайызга өсөрүн адистер белгилешет.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"