Коронавирустун алдын алуу. Чек ара тилкелеринде текшерүү иштери күчөтүлөт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Коронвирусту алдын алуу максатында мамлекеттик чек ара тилкелеринде текшерүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт башчы жугуштуу оору коңшу Казакстан жана Өзбекстанга келгенин, бул өлкөлөр менен соода-экономикалык алака, жарандар ортосундагы карым-катнаш бар экенин айтып, өлкөгө коронавирустун келүү коркунучу артканын билдирди. Андыктан чек араларда текшерүү күчөтүлмөкчү. 

Ошондой эле өкмөт башчы, Казакстан менен Өзбекстан чек арасын жапканы бизнеске эч кандай таасирин тийгизберин, жарандардын гана жүрүшүнө чектөө киргизилерин айтты. Мындан сырткары Премьер-министр азык түлүккө болгон бааларга токтолуп, ун жана нан азыктарына так баа коюларын жана алар ошол белгиленген нарк боюнча гана сатыларын билдирди. Бааны атайын кымбаттаткандарга катаал чаралар көрүлөт. Ал эми азык-түлүк өлкөдө жетиштүү.

"Азык-түлүк жетиштүү болот, баалар мындан ары кымбаттабайт, сомдун курсу долларга карата 73 сомдун тегерегинде болот. Минздрав айткан чараларды аткарышыбыз керек, ошондо гана ооруну жеңебиз",- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.