Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн жашоочулары "Элдик репортерго" көйгөйлүү маселеси менен кайрылышкан. Алардын айтымында, Дренаждар толуп калып, жердин алдынан суу чыгып, дыйкан чарбасына зыян келтирүүдө. Мына мынтип талдар куурап жатат. Өкмөткө, губернаторго, акимге, айыл өкмөткө деле кайрылганбыз. Чара колдонбой келишет. Бийлик дренаждарды тазалатып берсе,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.