Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакча имараттары дезинфекцияланууда.
Шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, тазалоо иштери калаадагы бардык мектеп жана бала бакчаларда жүргүзүлөт. Шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери дезинфекциялоо иштерин мечит жана коомдук транспорттордо да жүргүзүүдө.