POST1RIGHT
Таласта азык-түлүккө болгон тартыштык жок. Мындай маалыматты облустун жергиликтүү бийлиги таратты. Соода түйүндөрүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Алардын билдиришинче, ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз азыктары соода түйүндөрүндө жана базарда мурдагы баасында сатылып жатат. Абалдан пайдаланып бааны көтөрүүгө аракет кылгандарга айып пул салынары эскертилген. Учурда облуста коронавирус менен катталгандар жок.
"Эч кандай негиз жок. Бааны көтөрүп жаткандарга эскертүү берип жатабыз. Мына көрүп жатасыңар, чек ара иштеп жатат",- деди Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова.
""Жейхун" деген ун 1600 сом, берки калган ундар 1450 сом андан ашык саткан жокпуз. Эл топурап эле кечетен бери келип жатат. Мен таң калып калдым. Не болду топурап эле келип атасынар десем. Казакстан чек арасын жаап, ун жок болуп баратыптыр деп. Анан көп каптан сатып алып жатышты. Биз да таң калдык. Биз угат элек да",- дейт Боо-Терек айылынын тургуну Ажибек Калмурзаев.