Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды
Новость KTRK/videograp

Коронавирус накталай акча аркылуу жугушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына таянып, Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызмат маалымдады. Уюмдун маалыматына караганда, коронавирус кагазда 3-4 күн, желим буюмдарда тогуз күнгө чейин жашайт. Андыктан банк картасы аркылуу төлөм жүргүзгөндө пин-кодду терип жатып этият болуу керек, - деп айтылат билдирүүдө. Адистер бети-башты кармалай бербеш керектигин айтышууда. Ошондой эле сырттан келгенде смартфонду антисептикалык каражаттар менен тазалап туруу сунушталат.