Кыргызстанда элди дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуу акыры барып айрым азык-түлүктүн кымбаттап, кайра турукташуусуна алып келди. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан бир нече фактылар аныкталып, кылмыш иши козголду.
Терең ойлонбой жасалган бир эле кадам, элди дүрбөлөңгө салганы аз келгенсип, бул айымдын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна да өбөлгө болду. Чүйдүн Ивановка айылынын тургуну, Кыргызстанда коронавирус жуктурган адам катталганы боюнча социалдык тармактарга жалган маалымат таратып, учурда сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.