Коронавирус: Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат
Новость

Коронавирустан улам Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. Өкмөт жугуштуу оору коңшу өлкөлөрдө жайылып жатканына байланыштуу, өлкө ичинде өтүп жаткан иш-чараларга да чектөө киргизүүдө. 

Кафе-ресторандардын иши токтоп, 50 кишиден ашык чогулган жайлардагы оюн-зооктордун бардыгына тыюу салуу чечими кабыл алынды.