Кыргызстандын 3 жараны коронавирусту жуктурганы аныкталды
Новость

Кыргызстандын 3 жараны текшерүүдөн өткөн соң, коронавирусту жуктуруп алышканы билинди. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келишкен. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тастыктады.

"Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады".

Өткөн аптада коронавирус коңшу өлкөлөрдө катталган.