Сактансаң, сактайт! "Ош" аба майданы тыкыр текшерүүдөн өтүүдө
Новость KTRK/videograp

Коронавирустун алдын алуу максатында Ош шаарында жасалып жаткан иш-чаралар менен Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жеринде таанышты. "Ош" эл аралык аба майданында жүргүнчүлөр санитардык пункттун кызматкерлери тарабынан тепловизордун жардамы менен тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Мындай коопсуздук чаралары чек ара бекеттеринде да көрүлүп жатат. Аталган жайлардагы санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Эпидемиологиялык кырдаал жаралган мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында мобилдик үйлөр тигилип, 500 койка жана обочолонгон бөлмөлөр даяр турат. Соода жайларында, базарда, коомдук транспорттордо дезинфекциялоо иштери улантылууда. Массалык иш- чараларга тыюу салынып, калкка, эл көп топтошкон жайлардан оолак болуу, санитардык-гигиеналык тартипти бекем кармануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Ош облусунда коронавирус менен катталгандар жок.

"Мындай текшерүүнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы коңшу чет өлкө менен чектешкен чек ара бекеттериндеги абалды өз көзүбүз менен көрөбүз. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, биздин калктын саламаттыгы. Бул багытта алдын алуу аракеттери күчөтүлгөн тартипте биздин көзөмөлдө турат",- деди Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.