Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө
Новость KTRK/videograp

Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 33кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Ооруга чалдыккандардын 15и Алматыда, 18и Нур-Султанда катталып, учурда дарыланууда. Илдетке кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыктан 19-марттан баштап, Алматы жана Нур-Султан шаарлары карантинге алынып, күчөтүлгөн таптипте иш алып барылууда. Ошондой эле, коомдук транспорт каттамы азайтылып, өлкөгө кирген-чыккан автотранспорт да чектелип, көзөмөлгө алынууда.