"Кыргыз темир жолу" ишканасы эл аралык каттамдарын убактылуу токтотту
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

"Кыргыз темир жолу" ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Алар Бишкек – Москва, Бишкек – Казань, Бишкек – Новосибирск каттамдары. 

"Билеттерди сатып алган жүргүнчүлөр аны эч тоскоолдуксуз өткөрө алат. Бишкек – Мерке каттамы Кайыңдыга чейин кыскартылды", - деп айтылат маалыматта. Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек – Кара-Балта каттамы өзгөрүүсүз ишин уланта берет.