Коронавируска кабылган үч адам менен байланышта болгон 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды. Алардын арасында ооруга чалдыккандар менен Шаржадан бир учакта чогуу учуп келгендер да бар.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус 70, 62, 43 жаштагы үч кишиден аныкталган. Алар Сауд Арабиясында Умра сапарына барып келгендер.
Космосбек Чолпонбаев кыргызстандыктарды ооруну алдын алуучу бардык чараларды көрүп, ар ким өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Пандемиялык кырдаалдан улам мажбур каникулга таратылган балдарды эл көп чогулган жерлерден оолак кармоо зарылчылыгы тууралуу эскертти.
Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.