Коронавируска байланыштуу Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Райондун акими Эрмек Омошевдин айтымында, коронавируска күмөндүүлөр Сузак районунун тургундары болуп чыккан. Учурда алар менен байланышта болгон жарандар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатат. Кыргызстанда коронавирус 3 адамдан чыкканы белгилүү болду. Бейтаптар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен. Алар 12-мартта өлкөгө кайтып келгенден кийин текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлү менен үй карантинине алынган.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска карата анализдер текшерилип жаткан Кыргызстандагы лабораториялар эл аралык стандарттарга туура келерин белгиледи. Райондун акиминин айтуусунда, абалга байланыштуу райондо коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоо жана унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду. Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизилди.