Коронавируска байланыштуу Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Райондун акими Эрмек Омошевдин айтымында, коронавируска күмөндүүлөр Сузак районунун тургундары болуп чыккан. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келишкен. Бул өлкөдө катталган биринчи учур. Райондун акиминин айтуусунда, абалга байланыштуу райондо коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоо жана унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду. Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизилди.