Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. 18-марттан тарта, калктын саламаттыгын камсыздоо максатында чет өлкө жарандарына өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды, - деди ал. 

Ошол эле учурда кыргызстандык жарандар өлкөгө кире алышат жана чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыгып кете алышат. Ал белгилегендей, бул тыюу салуу жүк ташуучу унааларга тиешеси жок.