Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилип, обсервацияда 90 адам көзөмөлдө турат
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргызстанда үч адам коронавирус илдетин жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Жугуштуу ооруга чалдыккан үч адам тең Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары. Азыркы учурда бейтаптар облустук ооруканада дарыланууда. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилип, обсервацияда 90 адам көзөмөлдө турат.

Коронавирус жуктуруп алган 3 жаран Кыргызстанга 12-мартта Сауд Арабиясынан, кичи ажылыктан келгени белгилүү болду. Бул өлкө жугуштуу ооруну жуктургандардын саны боюнча эч кандай категориялардын бирине кирген эмес, андыктан өлкөгө кайтып келген кыргыз жарандары үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу.