Коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө
Новость

Өткөн аптада президенттин төрагалыгы астында коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган. Тышкы иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча Кыргызстанга кеңеш берүү жана иш жүзүндө жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталган.