Кыргызстанда үч адам коронавирус илдетин жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Жугуштуу ооруга чалдыккан үч адам тең Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары.
Азыркы учурда бейтаптар облустук ооруканада дарыланууда. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилип, обсервацияда 90 адам көзөмөлдө турат.