3 жаран коронавирусту жуктуруп алганы аныкталгандан кийин, Сузак районуна өзгөчө кырдаал жарыяланып, 3 айыл карантинге алынды. Бостон, Орто-Азия жана Благовещенка айылдарынын кире беришине атайын посттор коюлуп, бир катар чектөөлөр киргизилди.
Жеринде күч түзүмү жана башка адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Илдетти жуктуруп алган 3 жаран 12-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келгендер болуп чыкты.