12-13-мартта кичи ажылыктан кайткан кыргызстандыктардын арасында болгон Талас облусунун тургундары такталууда. Учурда 14 адам барып келгени аныкталды. Аларды текшерүүдө атайын кызматтар тарабынан дыкат көзөмөл жүргүзүлөт. Андан тышкары, илдетти алдын-алуу үчүн облуста күчөтүлгөн тартипте уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Талас облустук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө 22 орун даярдалды. Миңден ашуун адам ооруган өлкөдөн келгендер атайын даярдалган обсерваторияларда 14 күндүк текшерүүдөн өтүшөт.