“Евровидение-2020” сынагы өткөрүлбөйт
Новость www

Миңдеген адам өмүрүн алган коронавируска байланыштуу быйыл Нидерландынын Роттердам шаарында өтө турчу “Евровидение-2020” ыр сынагы өткөрүлбөйт. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында жарыяланды. 

Анда “COVID-19” вирусу бүтүндөй Европага жайылып, ошондой эле сынакка катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланды бийлигинин чектөөсү себеп болгонун айтылды. 

Бирок Роттердам шаары бул конкурсту 2021-жылы уюштурууну өтүнө турганы маалым болду. Белгилек кетсек, Евровидение сынагы - 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аталган конкурс былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык ырчы Дункан Лоуренс жеңүүчү деп табылган. Эрежеге ылайык, сынактын жеңүүчүсү аталган ырчынын өлкөсүндө өтөт.