Соңку маалыматтарга караганда, дүйнөдө акыркы бир күн ичинде коронавирустан 882 адам каза тапты. Ал эми вирусту жуктурган 18 500 жаңы учур катталды. POST1RIGHT
Жалпы 206 226 адам ооруга чалдыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. Аталган уюмдун айтымында, айыккандардын саны да өсүүдө.
Алсак оорудан 82 миңден ашуун адам айыгып чыкты. Кошумчалай кетсек, Кытайда акыркы суткада 8 адам вирустан көз жумган, 34 адам ооруга кабылып, 819 киши айыгып чыкты.
Ал Кытайда бул илдетке чалдыккандар жалпы саны 81 миңди чамалап, алардын ичинен 3237 адамдын өмүрү кыйылган. 70 миңге жакыны айыгып чыкты. Кытайда эки аптадан бери вируска чалдыкканы аныкталгандар аз катталууда.