Алматы: коронавирус жуктуруп алган адамдын үйү курчоого алынды
Новость

18-март күнү кечинде Алматыдагы «Сункар» турак-жай комплекси курчоого алынып, жашоочуларына 15 күн сыртка чыгууга тыюу салынды. Буга андагы тургундардын биринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандыгы себеп болду.

Власть интернет журналы шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаровго шилтеме кылып, вирус аныкталган адам үй карантинине алынып, илдеттин башкаларга жугуу тобокелдиги жогору болгондуктан, тургундардын сыртка чыгуусуна чектөө киргизилгенин жазды.

19-марттан тарта Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуу жайлары убактылуу ишин токтотот деп күтүлүүдө. Мындан тышкары бийлик 22-марттан тарта аба жана темир жол байланыштарын да толук токтотууга ниеттенип жатат.

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган адамдардын саны 36га жетти. Алардын сегизи Нур-Султанда, дагы сегизи Алматыда катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 218 миңден ашып, каза болгондор тогуз миңге жакындап калды. Илдеттен 84 миң киши айыкты.