POST1RIGHT
Карантинге алынган Сузак районундагы 2 айылга толук чектөө киргизилип, жарандардын чыгып-кирүүсүнө тыюуу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди. Жерине кошумча күч тартылып, тиешелүү иштер күчөтүлгөн. Бүгүндөн тарта 2 айылдын ичин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары, облус аймагындагы талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайларды жабуу жагы каралып, тийиштүү кызматтарга тапшырмалар коюлду. Аны менен катар коомдук тарнспортторго чектөө коюла турган болду. Жүргүнчүлөрдү ташыган каттамадагы унааларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.