Италияда акыркы бир күндө коронавирустан 475 адам каза болду
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Италияда акыркы бир күндө коронавирустан 475 адамдын өмүрү кыйылды. Аталган өлкөдө вируска чалдыккандардын саны сутка ичинде үч миңден ашты. Ал эми вирус жуктургандардын жалпы саны 36 миңге жетти. Алардын үч миңге жакыны COVID-19 вирусунан көз жумду. Ошондой эле, илдеттен сакайып чыккандардын саны төрт миңден ашты. Италиянын Ломбардия, Эмилия-Романья жана Венето шаарларында вируска кабылгандар көп катталууда.

Италия бийлиги пандемияга каршы күрөшүү үчүн дарыгерлер менен аскердик медициналык түзүмдүн адистерин күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды. Эске салсак, 10-марттан тартып өлкөнүн бардык аймагындагы окуу мекемелери, кафе, ресторандардар, оюн-зоок жайлары жабылган.