Кыргызстан-Казакстан: коронавирус боюнча биргелешкен чаралар талкууланды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттердин башчылары коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту. 

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды. Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгы жөнүндө орток пикирде болушту.