POST1RIGHT
Улуттук банк "COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алды.
Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламентте сүйлөп жатып насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айып пул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирди. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу сунушу берилгени айтылды.
“Мындан тышкары, бүгүндөн тарта коммерциялык банктарда инспекциялык текшерүүлөрдүн баары коронавируска байланыштуу абал турукташканча токтотулду” деп билдирди Абдыгулов.