Жалал-Абадга коронавирусту аныктоочу көчмө лаборатория жеткирилет
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абадга коронавирусту аныктоочу көчмө лаборатория жеткирилет. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. 

Анын айтымында, аталган жабдуу көчмө лабораториянын ролун аткарат. Эске салсак, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургуну коронавируска чалдыкканы аныкталган. Буга байланыштуу вице-премьер-министр 18-мартта Сузакка барган. Ал райондогу абал менен таанышып, коронавирус табылган үч кишинин кичи мекени Благовещенка, Орто-Азия жана Бостон айылдарын кыдырган.