POST1RIGHT
COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын биринчи тесттери колдонула баштады. Бул тууралуу Женевадагы маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.
“Вирус генетикалык ырааты менен коё берилгенден 60 күндөн кийин вакцинанын биринчи тесттери башталды. Бул чоң жетишкендик. Биз дүйнө жүзүндөгү бардык изилдөөчүлөргө системалык түрдө эксперименталдык дарыларга баа берип турууну сунуштайбыз”, - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору.