Алматыда 70 пайыз кызматкерге үйдө отуруп иштөө сунушталды
Новость KTRK/videograp

Алматыда 70 пайыз кызматкерге үйдө отуруп иштөө сунушталды. Жергиликтүү басылмалардын маалыматында, токтом мамлекеттик кызматкер, менчик ишканалар, уюмдар менен мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү. 

Белгилеп кетсек, коңшу өлкөнүн Нур-Султан жана Алматы шаарларында карантин жарыяланды. 19-марттын түнүнөн тарта пандемияга каршы иш-чаралар аткарылат. Учурда Казакстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 36га жетти.