Карантинге алынган Сузак районундагы Бостон, Орто-Азия жана Благовещенка айылдарында жарандар менен унаалардын кирип-чыгуусуна тыюу салынды. Тартипти көзөмөлгө алуу үчүн жерине кошумча күч тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чектөөгө алынган аймакты толук дезинфекциялоодон өткөрдү.