Бүгүн, 20-мартта Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүнкү пресс-конферецияда белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин берген маалыматында Ноокат районунун 3 тургунунан коронавируска кабылганы аныкталган.
Алар кичи зыяраттан Ош шаарына учуп келишкен. Учурда алардын кайсыл рейс менен учуп келгени жана кимдер менен контакт болгону такталып жатканы айтылды.