Космосбек Чолпонбаев: Умрадан келгендер дарыгерлердин көзөмөлүндө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

«Умрага барып келгендер азыр үйдөн чыкпай отуруңуздар, эч кандай той, түлөөгө барбаңыздар. Ар кандай клиникалык белгилер болсо дарыгерлерге кайрылыңыздар. Эң негизгиси - үйдөн чыкпай отурууну суранам. Азыр дарыгерлер тизме боюнча үймө-үй кыдырып, абалыңарды карап, дагы бир жолу анализ алат. Текшерип бүткөндөн кийин сиздерге кеңеш берет», - деди саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта өткөн  басма сөз жыйынында.

Ошондой эле, Космосбек Чолпонбаев умрадан келгендер дарыгерлердин көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунан табылып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. Ага чейин 18-мартта Сузак районунун үч тургунунан коронавирус аныкталган.