POST1RIGHT
Коронавирус пандемиясы кооптуу болуп жатканы менен адамзаттын саламаттыгына тийгизген пайдалуу жактары дагы бар. Атап айтканда, вирустун айынан дүйнөдө кыймыл азайып, аба тазарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Адистердин пикиринде, булганган аба COVID-19 вирусуна караганда көп өмүрдү алып коёт. Маалыматтарга караганда, Кытайда эки айдын ичинде атмосферадагы катуу бөлүкчөлөр азайып, беш жашка чейинки 4 миң ымыркайдын жана 70 жаштан жогорку курактагы 73 миң адамдын өмүрүн узартты. Бул көрсөткүчтөн улам коронавирустан өлгөн адамдарга караганда, өмүрү сакталгандар көп экенин билүүгө болот. Ошондой эле адистер спутниктен алынган маалыматтар Италиянын түндүк тарабында аба тазарганын көрсөткөнүн белгилешкен. Тагыраагы, транспорттон чыккан диоксид азоту азайган. Анткен менен изилдөөчүлөр абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар канча эсеге кыскарганы боюнча азырынча так маалымат жок экенин кошумчалашты.