Коронавирусу боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылууда.
Бүгүнтөн тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана "Келечек" базары убактылуу жабылат. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө.
Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштейт берет.
Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда. Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет.