Медиктер кесиптештерин колдоо максатында флешмоб уюштурушту
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарында медициналык мекемелердин кызматкерлери жана дарыгерлер коронавирус илдети катталган Сузак районундагы кесиптештерин колдоо максатында флешмоб уюштурушту. 

"Коркунуч тууралуу айтып жана ага даярдык көрүү бир маселе, ал эми аны менен күрөшүү, өзүн коргоодон мурун жарандарга жардам берүү дарыгерлердин азыркы учурдагы негизги милдети болуп турат" деп айтышат борбор калаадагы медицина кызматкерлери. Алар дарыгерлердин аракети, чыдамы гана бул сыноону жеңүүгө жардам берет дешет. 

Белгилей кетсек, Сузак районунда 3 жарандан коронавирус илдети чыкканына байланыштуу аймакта өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Ал жерде 19 блокпост орнотулду. Дарыгерлер жергиликтүү тургундарды коронавируска карата текшерүүдөн өткөрүүдө.