Коронавирус: Ноокаттагы абал
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Коронавирусту жуктуруп алган Ноокаттын 3 тургуну менен обсервацияда дагы 2 жаран кармалууда. Булар менен байланышта болгон жалпы 282 жаран дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынды. Анализдер алынып, текшерүүгө берилди. Ал эми, Ноокат районунун аймагында 700 орундуу обочолонгон жай даярдалды.

Вирусту жуктуруп алган тургундар жашаган эки айыл райондун төрт айыл өкмөтү менен канаатташ жайгашкан. Ушул себептүү, аймактар кесилишкен 35 көчөгө блок посттор орнотулду. Башкы максат - коронавирустун мындан аркы таркашына бөгөт коюу. Мында, 24 саат бою тынымсыз түшүндүрүү жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жарандык коргонуу кызматтарынын иш-аракеттерин координациялоо үчүн аймакта Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жүрөт.

Алынган маалыматтарга караганда, вируска чалдыккандар ажылыктан Кувейт - Жидда - Ош багыты боюнча учуп келгендер. Учакта жалпы 282 жүргүнчү болгон. Мунун 142си Ноокат районунун, 47си Ош шаарынын, калганы Кара-Суу районунун тургундары.

Вирус табылган Ноокаттын 3 жараны учурда райондук ооруканада обочолонгон бөлмөдө дарыланууда. Шек жараткан дагы 2 жарандын анализи текшерүүгө берилди. Жергиликтүү штабдын билдирүүсүндө, сапардан келгендердин өздүктөрү, жашаган даректери аныкталды. Натыйжада, Ноокат районун өзүндө 112 үй-бүлө жана ажы тойго барган 142 жаран дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынды. Аймакта 700 орундуу изолятор даярдалды.

Обсервацияланган жайлардын экөө - Кара-Суу районунда, бирөө Ош шаарында жайгашты. Ош шаарында дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрүнөн сырткаркы бардык жайлар менчигинин түрүнө карабай убактылуу жабылды. Коомдук транспорттук каттамдар 20-марттан тарта токтотулду. Оштогу жалпы 25 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору күнү-түнү иштөөдө. Абалды көзөмөлдөөчүлөр, жарандарды мүмкүн болушунча үйүндө болууга чакырат.

Дубандагы мечиттер, мекеме-ишкана, үйлөр дезинфекцияланууда. Коопсуздук чараларын дагы да күчтөнтүү зарылдыгы айтылды. Адистер, жарандарды саламаттык сактоо министрлигинин жана республикалык штабдын сунуштамаларын карманууга чакырат.