Кичи ажылыктан келген 6 адам коронавирусту жуктуруп алгандыгы аныкталды
Новость

Коронавирусту жуктургандыгы аныкталган 6 адам умрадан келгендер экени маалым болду. Мындай кабарды Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Маалым болгондой, вирусту жуктургандардын жаш курагы 45-70 жашка чейин экени такталды. Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.
Бейтаптар изоляцияланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда.

Кошумчалай кетсек, Коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 12 адамга жетти.