Кытай дарыгерлери Кыргызстанда коронавируска каршы туура багытта иштер жүрүп жатканын айтышты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
“Кытайда коронавирус менен күрөшүүдө, өлкө ичинде жарандардын жылып жүрүүсүн токтотуу болгон. Бул вирус адам кайсы жерде болсо, ошол жерде калып калат. Демек, вирус ушундай жол менен тездикте таркабашы үчүн адамдур үйүндө олтурушу керек”.
Маалым кыла кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 жаӊы учур катталды.