Коронавирустун аныктай турган тесттер өлкөдө жетиштүү экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
"Коронавирусту аныктаган тесттерди кимде оорунун белгилери пайда болгон болсо тапшыра алат. Эгер жарандар эпидемиологиялык абалы жагымсыз делген өлкөлөрдөн келбесеӊиз жана вируска чалдыккандар менен байланышпасаӊыз, анализ тапшыруунун кажети жок. Биринчи кезекте, врачтарга кайрылуу керек. Баса белгилей кетейин, өлкөбүздө тест-системдерди жетиштүү санда".